ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Атактуу кытайлык актёр Жеки Чан 63 жашка чыкты
Акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу кытайлык актёр, продюсер Жеки Чан 63 жашка чыкты. Ал 1954-жылы 7-апрелде Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган.
Ушул жылдын февраль айында Жеки Чан каскадёрлор тобуна 40 жыл болгондугуна байланыштуу Кытайдагы көрсөтүүлөрдүн бирине жаш каскадёрлордун жаңы курамы менен барган. Анда шоунун алып баруучусу Жекинин командасындагы улуу муундагы каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөткөн. Алар жашоосундагы жакшы күндөрү үчүн Жеки Чанга ыраазычылык билдиришип: "Ал улууну сыйлаган, жумушуна берилген адамдарды ишке алчу. Адамдык сапатың жок болсо, жумуштан кетчүсүң. Ошондуктан анын командасында жаман адамдар жок", - деп айтышкан. Экрандан кайрылуу көрсөтүлүп жаткан учурда алар акырын студияга кирип келишип, актёрдун артына байкатпай туруп калышкан.
"Кинематографияга кошкон салымым үчүн "Оскарды" мен алганым менен, бул сыйлык баарыбыздыкы. Себеби 40 жылдан ашуун убакыт алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, мени менен чогуу болушту. Колу-бутун сындырып, таңкы 5те ооруканага алып жөнөшчү, бирок бул нерсени эч ким билбейт", - деп Жеки командасындагы каскадёрлорго рахматын айткан. "Баарыбыз картаябыз" деп артында турган жаш жигиттерди караган актёр мурунку кесиптештерин көрүп, алардын күтүүсүз пайда болгону Жеки Чан үчүн сюрприз болуп, көзүнө жаш алган.
-1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















