"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кочкордогу көпүрө толугу менен салынат, ал биздин көзөмөлдө" дейт акимдин орун басары



30-мартта Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылындагы көпүрөнүн курулушу бүтпөй жатканын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган.
Бүгүн, 7-апрелде Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Эшмуканбет уулу көпүрөнүн курулушу алардын көзөмөлүндө экенин билдирди.
"Биринчи көпүрөнү суу алып кеткенден кийин 100 миң сомдой каражат бөлүнүп, жаңы көпүрө салынган. Көпүрөнүн тосмосун орнотуу калды. Быйылкы бюджет түзүлсө, ага да каражат каралат. Бирок анын азыркы абалы резонанс жаратчудай абалда эмес. Каттам толугу менен эле болуп жатат", - деди Н.Эшмуканбет уулу.
Эскерте кетсек, былтыр аталган айылдагы сууга бир окуучу кыз агып, каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.