super.kg logo
  Саясат  

Орусия АКШнын Сирияга болгон ракеталык чабуулун сындады

 

Орусия Америка Кошмо Штаттарынын Сириянын армиясына ракеталык чабуулун сындады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин бул чабуулду "эл аралык укуктун нормаларын бузуу жана ойлоп табылган шылтоо менен эгемендүү мамлекетке каршы баскынчылык" деп баалаганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сириялык армияга чабуулдарды жасоого Сирияда тынчтыкты орнотууну үзгүлтүккө учуратууну каалагандар кызыкдар экенин айтты.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд "Сирияга чабуул болгонуна президент Башар Асад гана күнөөлүү" деген бир пикирде экенин жазышат басылмалар.

Сирияга коңшу Түркия АКШнын чабуулун колдоду.

Айта кетсек, 7-апрелге караган түнү Америка Кошмо Штаттары Сириянын Хомс шаарындагы Шэйрат аттуу сириялык аскердик базасына ракеталык чабуул жасаганы белгилүү болгон. Жер Ортолук деңизде жайгашкан америкалык аскердик кемелерден аталган базага 50гө чукул ракета учурулган. "Ракеталык чабуул сириялык авиациянын химиялык куралды Идлиб шаарынын тынч тургундарына каршы колдонулганына жооп катары президент Дональд Трамптын буйругу менен жасалды. Сирияда 6 жылдан бери болуп жаткан согушта бул АКШнын алгачкы чабуулу. Буга чейин АКШ Сириядагы согушта "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна гана ракеталык чабуулдарды жасап келген", - деп жазышкан басылмалар.

Акыркы маалыматтар боюнча, америкалык чабуулдан 7 адам каза болду, алардын 5и аскерлер жана 2өөсү жергиликтүү тургундар.






Америка Сириянын армиясына ракеталык чабуул жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: