super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылы суусуз калуу коркунучунда дейт окурман

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач айылы суусуз калуу коркунучунда. Бул кабарды "Элдик кабарга" окурман билдирди.

"Айылыбызга кирген канал Исфайрам дарыясына жакын агып өтөт. Жашоочулар ошол каналдан ичет жана талаачылык иштерин жүргүзөт. Эгер бул канал буулуп же бир нерсе болсо, айыл эли суусуз калат. Сүрөттө көрүнүп тургандай, Исфайрам дарыясынын нугун суу жеп, каналга жакындап баратат. Эми бир жолу жаан жааса каналды дарыя алып кетүү коркунучу бар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.04.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Интернетке айтканча жергиликтүү депутаттарга айткыла айыл окмотко айткыла азыр областтын аймагында уч айлык субботник жарыяланган эл деле карап кошулуп комокторшуп иш алып барса жергиликтүү бийлик онугушуно ото чон оболго түзүлөт.
07.04.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Каражыгач кадамжайга карабайт озбекстандын тереториясына караштуу го
08.04.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayjan_90,Ким айтты карабайт деп?карагандада ушундай карайтда!кыргызтандын картасын так билбеген жазбай эле койсон уят болбой...<
Кадаижай районуна караштуу кара жыгач деген айыл бар! Узбекистан суусуз калса кыргызтан элдик кабарга чыгармак Беле?
akzuura түзөттү 2017-04-08 12:50:01
07.04.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен [moderated] окшойсун өзбекстандыкы кылгын барбы Кара-жыгачты на словах? Кара-жыгач деген айыл бирөө эместа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: