ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Атактуу франциялык футболчу Франк Рибери 34 жашка толду

Футболчу карьерасында көптөгөн кыйынчылыктардан өтүп, франциялык "Булонь", "Олимпик", "Брест", "Мец" клубдарында, түркиялык "Галатасарайда" ойногон. Анын бактысы мюнхендик "Баварияда" ачылып, чыгаан футболчулардын катарына кошула алган.
Дал ушул клубда ойноо менен ал Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасын уткан. Бир
нече жолу Германиянын чемпиону аталган. 2013-жылы УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" болуп табылган. 2016-жылдын жыйынтыгы менен анын ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок Месси - Роналду атаандаштыгы Риберини "борт" тышында калтырган.

Ал Франциянын улуттук курама командасына чакыруу алып, 23 жашында майданга атактуу Зинедин Зидандын ордуна чыккан. Зидандын сөз болуп жаткан Рибериге көп кеп-кеңеш бергени белгилүү. Атүгүл анын ислам динин кабыл алуусуна себепчи болгон 2 адамдын бири Зидан экенин Рибери журналисттер менен курган маектеринде айтып жүрөт. Экинчи себепчи - алжирлик Вахиба Бельхами аттуу айым. Сүйүүсү үчүн баарына даяр болгон Рибери Куранды окуп үйрөнүп, ислам динин кабыл алган. Анын мусулманча аты - Билал. Рибери исламды сүйгөнүнө үйлөнүш үчүн гана эмес, чын дилинен окуп түшүнгөндүгү үчүн да кабыл алган.
7-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bak1122

07.04.2017. 19:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарайсын Рибери
Mambetali

10.04.2017. 10:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы Фудболчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.