"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкек шаардык мэрия: "Бишкекасфальтсервистин" кызматкерлери №185-билим берүү мекемесинин алдын оңдоого чыгышты"
Кечээ, 6-мартта окурман Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы №185-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эшигинин алды жаан жааган сайын көлчүк болорун кабарлаган.
Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык мэриядан аталган мекеменин алдын оңдоого "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынан кызматкерлер жөнөтүлгөнүн билдиришти:
"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери ал мекеменин алдын оңдоого чыгып кетишти. Дүйшөмбү күнү, 10-апрелде буюрса, оңдолуп бүтөт".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















