СУПЕРСТАН: "Эртең өлөрүңдү билсең, бүгүн эмне кылмак элең?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эртең өлөрүңдү билсең, бүгүн эмне кылмак элең?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Туугандарымдын, жакындарымдын баарына кезигип, коштошуп алмакмын. Ансыз деле өлгүм келип жатат азыр".
"Сүйгөн кызыма учуп бармакмын".
"Эч нерсе кылбайт элем, диванымда жатып алып күтөт болчумун, баары бир эч нерсеге жетишпейм".
"Кайсы жерге жыгыларымди билсем, ошол жерге жаздык төшөп коёт элем демекчи, өлөрүмдү билсем, карыздарым болсо тез кутулуп, жакын адамдарыма шарт түзүп коштошуп чыкмакмын, кимди капа кылсам кечирим сурамакмын".
"Индеецтердин "яхо" деген уруусу бар (эгер америкалык жазуучу Кастанеданын китептерин окусаңар), ошолор бул жашоодо эртең өлөм деген гана принцип менен жашашат экен. Бирок статистика көрсөткөндөй алар көп жашашат. Себеби дүнүйө жыйбайт, кумарга көп батпайт, сайран курбайт жана башка. Ушул принцип менен жашасак, жашообуз алда канча тазармак да, узармак".
"А мен эртең өлөрүмдү билсем, эч кимге байкатпаш үчүн кадимкидей эле ишимди кылмакмын. Жактырган адамдарыма ыраазычылык билдирип, кат жазып коймокмун. Бирок өлбөй эле турайынчы деп жалынам Жаратканга, анткени мен ишке ашыра турган кыялдарым дагы көп. Жашоо ушунусу менен кызык, качан өлөрүңдү билбейсиң, бирок өмүр бою жашачудай сезесиң өзүңдү..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
2

Аллах тааланын алдыдасын, карадын омурун тилеке каршы жаман откон, куноо мн жамандык мн башкалардын аккына киргенсин озголорго зыян бергенсин Ата-энендинда дубасын алалбагансын досторундун конулун ооруткансын ......... айтоор жашооон жаман откон Аллах тааладан жалынып жалбарып,ыйлап козундон жаш эмес кан агып жатып сурандын ЭЙ АЛЛАХ!!! Мага бир кун берчи кайра кайтып катааларымды туздойун,конулун ооруткан адамдардан кечирим сурайын,ата-энемдин ду
Козумдон жаш эмес кан аккыча ыйлап,Жараткандан жалбарып,ушуга чейин кылган куноо иштерим учун кечирим сурап,Олоорумдо болсо да Аллахтын ыраазычылыгын алууга аракет кылмакмын,таарынткан адамдардарымдын баарынан кечирим сурап,конулун котормокмун,озумо тиешелуу мулкторду жардыларга болуп бермекмин,кыскасы ушуга чейин кылбаган жакшы иштердин баарын кылмакмын.Суроолорду жаттап,кабыр азабынан сактанганга аракет кылмакмын.