Египеттеги эки чиркөөдө болгон жардыруудан 35тен ашык адам каза болду

Бүгүн, 9-апрелде Египеттин Танда жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө жардыруу болду. Биринчиси Танда шаарында болуп, чиркөөнүн ичине кирген жанкечти-террорист өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен 25тен ашык адам каза таап, 50гө жакын адам жабыркаган. Ал эми Александрия шаарындагы чиркөөдө да ушундай эле окуя катталып, жардыруу 11 адамдын өмүрүн алган.
Эки чиркөөгө болгон кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу кылганын жарыялады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бул дунуйодо акчага марыган менен тиги дуйнодо тозок отуна куюшот го....