Түп районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду
Түп районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы 7-апрель түнү болгон. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Фольксваген үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, кичи автобустагы 7 адам жабыркаган. Алардын экөө мугалим, калгандары Каракол шаарындагы мектептердин окуучулары болгон. Жабыркагандардын экөө оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Учурда айдоочулардын 50 пайызы жол эрежесин ьилбейт! Айдоочулук куболукту окубай, сатып алышат.
Мындан улам жол эрежени бузуп, шалаакылык кенебестигинен улам бейкуноо бироо жабыр тартып, олум мн коштолот!