Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кеңеш берүүчү борбор иштеп жатат
Бишкекте Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кеңеш берүүчү борбор түзүлүп, иштеп жатат. Бул тууралуу 7-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда борбор "Дордой" базарынын администрациясынын имаратында жайгашкан. Анда ар бейшемби күндөрү саат 11:00дөн 14:00гө чейин социалдык кызматтар боюнча кеӊештер берилет. Белгилүү болгондой, өткөн аптада Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 45 аз камсыздалган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүшкөн. Борбор 2017-жылдын 15-мартынан баштап иштеп баштаганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.