super.kg logo
  Спорт  

Дзюдочулар Бектур Рысмамбетов жана Юрий Краковецкий эл аралык “Antalya Grand Prix-2017” мелдешинде күмүш медаль тагынышты

 

7-апрелден 9-апрель аралыгында Түркияда “Antalya Grand Prix-2017” эл аралык мелдеши өтүп, анда 11 кыргыз спортчусу катышты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, анда Бектур Рысмамбетов менен Юрий Краковецкий өз салмак категориясында финалга чейин жетишкен.

Белгилүү болгондой, 66 килограмм салмак ченинде Бектур Рысмамбетов түрк, монгол спортчуларын жеңген. Жарым финалдык беттеште “Рио-2013” Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси, казак спортчусу Азамат Мукановду утуп алган. Финалдык беттеште мекендешибиз орус спортчусу Абдул Абдулжалиловго жеңилип, 2-орунду камсыздады.

100 килограммдан жогору салмакта Юрий Краковецкий орус, түрк жана азербайжандык атаандаштарын жеңип, финалга карай бет алган. Анда “Рио-2016” Олимпиадасынын жеңүүчүсү чехиялык Лукаш Крпалек менен кез келип, жеңилүүгө дуушар болду. Жыйынтыгында күмүш медалга арзыды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: