super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жол кырсыгына кабылган "Тез жардамдын" унаасы жаш баланы ооруканага алып бара жаткан

 

Бишкекте жол кырсыгына кабылган медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасы атайын сиренаны иштетип, ден соолугу оор абалдагы жаш баланы ооруканага алып бара жаткан. Бул тууралуу медиктер фейсбук аркылуу билдиришти.

Алардын айтымында, башка айдоочулар "Тез жардамдын" унаасын өткөрбөй жатышкан. "Киев менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде аталган унаа жүргүнчү ташуучу автобус менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында "Тез жардамдын" унаасындагы бала баланын баш мээси чайкалган, фельдшер башынан жабык жаракат алган жана буту сынган. Мындан тышкары баланын апасы да жаракат алган. Фельдшер менен баланын апасы Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилишкен, ал эми жаш бала Балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө", - дешти медиктер.

Айта кетсек, кечээ, 9-апрелде саат 16:00 чамасында Бишкекте Киев көчөсү менен Жаш гвардия бульварында "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.04.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbekasr, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.04.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин айдочуларда сый деген жок жол бербейт жанталашмай айрыкча маршуткалар 20 30 кишини салып алып жарышат озубуздо аран саналу эле теж жардам машинасы болсо анын биро дагы минтип кырсыктады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: