ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: 7 жыл мурун Польшанын президенти Лех Качиньский авиакырсыктан каза болгон



Лех Качиньский
Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 10-апрелде Польшанын президенти Лех Качиньский түшкөн учак Орусиянын Смоленск шаарына конордо кулап түшүп, натыйжада президент менен чогуу анын аялы жана Польшанын саясий элитасынан 95 адам набыт болгон. Алар Смоленскиге поляк офицерлеринин атылып кетүүсүнө карата аза күтүү иш-чарасына бара жатышкан. Кырсыкка кабылган Ту-154 учагындагы адамдардын бири дагы аман калган эмес. Учак коноюн дегенде анын канаты даракка илинип, кыйроого учураган. Кырсык болор менен президенттин сөөгүн тааныш үчүн анын түгөйү (эгизи) Ярослав Смоленскиге учуп келген.
Лех Качиньский менен аялы Мария Качиньскаянын сөөктөрү Краков шаарындагы Вавель сепилине коюлган. Аталган сепил XIV кылымдан бери поляк падышаларынын көмүлүүчү жайы болуп саналат.
10-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.