super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тийиштүү комитетинде Польшадан 40 миллион евро насыя алуу макулдашуусу жактырылды

 

Бүгүн, 10-апрелде парламентте Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Польшадан 40 миллион евро насыя алуу макулдашуусу жактырылды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Польша өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюуга байланыштуу жардам көрсөтүү алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколдун долбоору тууралуу каралды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдиргендей, Польшадан 25 жыл мөөнөткө жылына 0, 15 пайыздык төлөм менен 40 миллион евро насыя алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Эркинбек Чодуев насыя дыйкандарга 9 пайыз төлөм менен бериле турганын кошумчалады.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева 0, 15 пайыз менен алып дыйкандарга 9 пайыз менен насыя берүү туура эмес экенин айтып, пайыздык төлөмдү төмөндөтүүнү сунуштады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз мамлекети 25 жылга евро менен алып, дыйкандарга сом менен бере турганын билдирди. Анда курстук коркунучтуу мамлекет өзүнө ала турганын билдирди.

Жыйынтыгында комитеттеги депутаттар бул макулдашууну колдоп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: