super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. "Ырчы, ишкер ырдасын, эл кубанып тыңдасын" аттуу сынак өтөт

 
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жана мэриянын маданият бөлүмүнүн демилгеси менен "Ырчы, ишкер ырдасын, эл кубанып тыңдасын" аттуу сынак өтөт. Иш-чара 2013-жыл - Иштерман жылына карата уюштурулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. "Сынактын максаты - улуттук баалуулуктарды, тарыхый-маданий мурастарыбызды, унутта калган ырларды жандандырып, ошондой эле мамлекеттик тилдин ордун, милдетин, мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин эне тилге болгон мамилесин жакшыртуу жана маданий дөөлөттөрүбүзгө баа берүүгө көңүл буруу. Мындан сырткары улуттар арасындагы достукту  чыңдоо болуп эсептелет", - дейт мэриянын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева. Сынак 23-майда өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: