super.kg logo

Британиялык коллекционер советтик танктын ичинен 2 жарым миллион долларлык алтын куймаларын таап алды

 

Ник Мид жана Тод ЧемберленУлуу британиялык коллекционер Ник Мид Т-54 үлгүсүндөгү советтик танктын ичинен баасы 2 жарым миллион долларга (болжол менен 170 миллион сом) жеткен 5 алтын куймасын таап алган. Бул тууралуу кечээ, 9-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда 55 жаштагы Н. Мид аталган танкты eBay компаниясынын интернет-аукционунда 37 миң долларга (болжол менен 2 миллион 516 миң сом) сатып алган. Алтын куймаларын ал Тод Чемберлен аттуу механик менен күйүүчү май куюлуучу бактан таап алган. Коллекционер полицияны чакырса, алар ага кол койдуруп, алтындардын баарын алып коюшкан.

Н. Мид: "Алтынды артка кайтарып албасам деле, менде сүйүктүү танкым бар", - деп билдирген.

Маалыматтарга караганда, Т-54 Ирактын Куралдуу күчтөрүнө тиешелүү болуп, 1990-1991-жылдардагы Перс булуңунда болгон согушка катышкан. Ошол учурда ал Эл аралык коалициянын аскерлери тарабынан туткундалып, Бириккен падышалыкка жеткирилген.

СССР 1959-1968-жылдары Багдадга Т-54 үлгүсүндөгү 300 танк койгон. Кийин алар Перс булуңундагы согуштан тышкары 1973-жылдагы араб-израил согушунда, 1980-1988-жылдардагы иран-ирак согушунда иштетилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
10.04.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аялы урушуп жатса керек,эмнеге полицияга кол коюп берип койдун деп.
10.04.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бекитип албаптыр да
10.04.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
XXX полицияны чакырып не кыласын мени чакырбайт белен ээх
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-10 15:46:42
10.04.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бекер кылыптыр Полицияга чалып.Орустар айткандай аягы Печально бутуп калыптырго
10.04.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун байлыгы деле жетиштуу болсо керек
10.04.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СССРден Израилге жашыруун ташылган байлыктардын бирөөсү го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: