super.kg logo

"Жээнбеков келет" деп жолдогу суу толгон чуңкурга чайыр куйдурган 5 жооптуу кызматкер жумуштан бошотулду

 

Интернетке жол кызматкеринин жолдогу чуңкурларды суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу видео тасма тараган. Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде жыйын өткөрдү. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда видео тарагандан кийин С. Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, мындай тапшырманы ким бергендигин аныктоо менен жоопкерчиликке тартууну айткан.

"Кечээки видео тасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен катар премьер-министр өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүнө, видеотасманы тараткан жаранга ыраазычылык билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай жоопкерчиликсиздикке жол берген министрликтин кызматкерлерине көрүлгөн дисциплинардык чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Министрликтин алдындагы №1-жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов, жол чарба департаментинин №1-аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов, башкы инженер Куштарбек Аманов, жол чарба департаментинин жетекчисинин экономика боюнча орун басары Шабдан Иманкулов жана жол чарба департаментинин жетекчисинин өндүрүш боюнча орун басары Жумаш Содонбаев кызматынан бошотулду.

Мындан сырткары Транспорт жана жолдор министрлигинин жолдор башкармалыгынын башчысына эскертүү берилди. Ошондой эле премьер-министрге жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоодо тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу сунуш киргизилди. Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчалады.

Жыйындын соңунда премьер-министр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Транспорт жана жолдор министри республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
10.04.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
)))кулкун келетко не деген акылдуу адамдар
10.04.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура. Мыйзам ченемдуу жооп берсин
10.04.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Озу баарын эле иштен алыш керек. Качан караба президент же пример минстр келет дегенде жолдор онолуп кочолорго суу себилип, айтор коп кылынбаган иштер бир кун же бир тундун ичинде жасалып калат. Ушундай боло берсе Кыргызстан эч качан онукпойт!!!
10.04.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бүт иш билги кыйын адамдарды такыр жолотушпайт.Каяктагыларды ишке алышат, же бир оюн толук түшүндүрүп бере албайт, эптеп кагаздарды да зорго окуйт.
Анан ушундай болот да.Ал видеону мен да көрдүм,тан калдым эч сөз таба албай,эмне дешти да билбей.
10.04.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Илгери 2000-2004-жылдары губернатор келет деп мектеп боюнча окуучуларды көчөгө чыгарат эле. Шыпырып,актап,тазалап көчө жалтырап калар эле.Ошондогу Соке жип машинасы мн шуулдаган бойдон Алай Кууга өтүп кетчуу.
10.04.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темаға туура келеби жоқпу билбейм... мектептерге комиссия келет деп жанталашып қалышат ғо муғалимдер. Негизи комиссия айттырбай эскертпей туруп келсе қандай болот.
10.04.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздеги баардык иштер ушундай кошоматчылык жол менен бутоорун чондор оздору эн сонун эле билет. Бул просто видеого тартылып коомчулукка тарап кеткенден эмне кылаарын билбей эле "азамат" деп тарткан кишини мактап калды а так ичинен согуп эле аткан болуш керек))
10.04.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynkatar03,)))
10.04.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Видеону тарткан кыздын созуно аябай кулдум .Тим эле сонун суйлоп тарткан .
10.04.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонун тим эле кепти кабыргасынан койгон...мен да чыгып Караколдун центры болгон Токтогул кочосун тартып жиберсемби деп ойлоп жатам..козу сокур биздин чондор жамап койсо корбой туптуз экен деп отуп кетишет...
10.04.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энендурайын акмак...билдирбей жамабайсынбы.Бизди уят кылдын.Эл козуно иштен бошотуп,согуш жарыялап коебуз.1-2 ай дем алып тургула деп коюшту да.
11.04.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйрукту аткарып аткан байке иштен айдалбадыбы Анда куноо жок да
11.04.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чайыр деген созду биринчи угушум!
11.04.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хахххх ай боорум ай.Маанайды укмуш которушту.Ушундай да болот экен да ээ?Мен да биз тараптагы ункур чункурларды видеого тартып жиберет окшойм.3айдан бери оюлуп турат.Ондогонго киши жок.Машиналар авария болуп кетейин деп аран отушот.Отуп баратканда тим эле ички органын бут тогулот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: