super.kg logo

Бишкектеги фото-видео жаздыруучу камера Патрулдук милициянын унаалары 60 жолу эреже бузганын каттаган

 

Бишкектеги фото-видео жаздыруучу камера Патрулдук милициянын кызматтык унаасынын да жол эрежелерин бузгандыгын жаздырып калган. Алардын 1 жыл ичиндеги саны 50-60ты түзөрүн бүгүн, 10-апрелде өткөн маалымат жыйында Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыктын жол коопсуздугун мониторинг кылуу борборунун жетекчиси Талант Садыков билдирди.

Анын айтымында, фото-видео жаздыруучу камералар жол эрежелеринин бузулушунун төмөндөшүнө өбөлгө боло турган жакшы ыкма.

"Камера орнотулган Бишкектеги унаа базарындагы айланада эрежелерди бузуу 57 пайызга азайды. 2015-жылы ошол жердеги жол кырсыгынан 5 адам көз жумса, 2016-жылы 2 киши каза болгон. Биз бара- бара толугу менен бул системага өтүшүбүз керек. Азыр Орто Азияда биздин өлкө гана фото-видео жаздыруучу камераларды толук орното элек жалгыз өлкө", - деди ал.

Т. Садыков белгилегендей, бул камера 2-3 айдын ичинде өзүнүн баасын актаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.04.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
10-апрелде эмеспи?
10.04.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камералар коюлса ГАИ чилер ач калышат . Ошондуктан алар 100 пайыз каршы болушат камера орнотууга.
10.04.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отукчунун отугу майрык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: