super.kg logo
  Саясат  

Садык Шер-Нияз Илим Карыпбековго: "Коомду алдаса болот, бирок бир канча мезгилге чейин эле"

 

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылып: "Коомду алдаса болот, бирок бир канча мезгилге чейин эле", - деди.

Депутаттын айтымында, коомдук канал бир тараптуу маалымат берип жатат.

"Ата Мекен" партиясы тууралуу кечке чейин жамандап маалымат бердиңер. Скрябинден жер тилкесинен ай сайын 20 миң доллар пайда көрөт деп маалымат чыгардыңар. Менден досторум, тааныштарым жыргаган турбайсыңарбы деп сурап жатат. Мен ал жер тилкесин билбейм дагы. Аларга эмне деп жооп берейин?" - деп сурады.

Илим Карыпбеков: "Айтылган материалдарды карап, канчалык чындыкка жатат же жатпай турганын карап чыгуу керек. Мыйзамда маалыматты жокко чыгаруу боюнча жобо бар. Ал үчүн кайрылуу жөнөтүү керек. Сиздер тараптан кайрылуу келген жок", - деди.

Мындан тышкары депутат КТРКнын пайдасы кыргыз тилин жайылтуусу керек экенин айтты. "Саясатка бурмаланып кетсеңер, каналдын эмне кереги бар? Силерди кыргыз тилин, маданиятты сактап жатат деп бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Сиз болсо баарын калыс, туура деп ойлойсуз", - деди Садык Шер-Нияз.

Карыпбеков иш болгон жерде ката боло турганын белгиледи.

Аталган комитетте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту угулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: