super.kg logo

Бишкекте самса менен мантыдан 6 адам ууланды

 

Бишкекте көчөдө сатылган самса, мантыдан 6 адам ууланганын бүгүн, 10-апрелде Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш бөлүмүн жетекчиси Токтогул Базарбаев SUPER.KG порталына кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, өткөн айдын ичинде ууланып катталган 6 жаран тең тамак-ашты мыйзамсыз түрдө саткан жайлардан алышкан.

Адегенде тигүү цехинде иштеген 4 тургун мантыдан ууланган. Алар мантыны Ош базарындагы Бейшеналиева көчөсүндө тамак-ашты араба менен көчүп саткан соодагерлерден алышкан. Үч сааттан кийин манты жеген тургундардын 4өөндө тең уулануунун белгилери пайда болуп, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилип, дарыланышкан.

"Мыйзамсыз соода кылгандар бир күн базарга чыкса, кийинки күнү чыкпай калат. Уулангандар сатуучуну эстей алышкан жок. Мындан улам биз анын ким экенин аныктай албадык. Манты санитардык шарттары эрежеге дал келбеген үйдө даярдалып, жеке гигиена жана керектүү талаптар сакталбаган түрдө сатылган. Бул абал жарандардын ууланышына алып келген", - дейт Токтогул Базарбаев.

Мындан тышкары 1,5 жана 7 жаштагы эки бала самсадан ууланганы аныкталды. Балдардын атасы самсаны Кулиев көчөсүнөн сатып алган.

"Беш сааттан кийин балдардын дене табы көтөрүлүп, кусуп, ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин уруксатсыз самса жасап жаткан жай жабылды. Жарандарды сапаты жагынан шек жараткан, санитардык нормаларга дал келбеген жайларда сатылган тамак-аштарды алуудан алыс болууга чакырып эле жүрөбүз. Бирок арзанына кызыгабы, айтор, көчөдөгү тамак-аштар баары бир сатылып жатат", - деп билдирди ал.

Ошондой эле Базарбаев жыл башынан бери сапатсыз тамак-аш сатылган 31 учур катталып, 61 жаран уулангандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
10.04.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кочодон тамак эмес эшектин эти чыкканы базардан эт алып келип тамак жасаштан коркуп калгам,,колдон келсе уйдон жасап жесек...кочодон кун жылып калды эт менен самсы, манты жебей эле койгулачы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: