super.kg logo
  Саясат  

Эстония мамлекети Кыргыз жериндеги "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга көмөктөшөт

 

Эстония мамлекети Кыргыз жериндеги "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга көмөктөшөт. Мындай маалымат 10-апрелде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Эстония парламентинин төрагасы Эйки Нестордун жолугушуусунда белгилүү болду.

Айта кетсек, "Таза коом" долбоору 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Ал жарандарга кызмат көрсөтүү, ишкердикке шарт түзүү боюнча долбоор мамлекеттик башкаруу системинин ачык болушун, калктын жашоосун жакшыртып, коопсуздугун камсыздайт.

Бул боюнча президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков координациялык жыйында "биз "Smart-коом" долбоорун ишке киргизип жатабыз. Акыркы беш жыл аралыгында биз реформаларды жүргүзгөнбүз, биометрикалык маалыматтар аркылуу шайлоо өткөрүүнүн жаңы системин киргиздик. Президенттин жетекчилиги алдында үч жылдан бери "акылдуу өлкө" түзүу идеясын карап жатабыз. Биз Улуу Британия, Эстония же Израилдин деңгээлине жетүүнү көздөп жатабыз", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: