"Дыйкан" базарында учурда 1200 соодагер иштеп жатканы айтылды



"Дыйкан" базарын ижарага алган "Лагуна групп" ишканасынын "Кыргыз темир жол" ишканасы менен болгон келишими 2033-жылы аяктаарына карабастан, базарды жабуу аракеттери кызуу жүргүзүлүп жатканын бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында аталган базардын жетекчисинин орун басары Талип Ташибаев билдирди.
Анын айтымында, учурда базарда туруктуу 1200 соодагер иштейт. Товар ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын, товарын өткөрүп кеткендерди эске алганда, бул сан 3000ге жетет.
"Бүгүнкү маалымат жыйынды "Шаар бийлиги шаардыктарга каршы" деп атадык. "Дыйкан" базарын жабууну бизге жакын жерде жайгашкан нефтебазанын коопсуздугуна байланыштырган. Бирок бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп иликтенип чыкты. Натыйжада базар 2008-жылы, ал эми нефтебаза 2010-жылы курулганы маалым болду. Ошол кездеги шаар башчысы базардын жанына базаны ачууга уруксат берген. База коопсуздуктун 3-классына кирет. Бул деген базарда 20 тоннадай күйүүчү май бар экенин, капыс кырсык болсо жакын жайгашкан бардык объектилер жабыркайт дегенди билдирет. Эреже боюнча база менен объектилердин аралыгы 150 метрди түзүшү шарт. Бирок учурда бул нефтебазанын айланасында бизден башка 8 ишкана бар. Анын экөө чоң тигүү цехтери, ар биринде 500дөн жумушчу эмгектенет. Анда ошол ишканалардын баарын которуу зарыл", - деди ал.
Эскерте кетсек, "Дыйкан" базары санитардык жана техникалык коопсуздук кемчиликтери бар болгондуктан, Бишкек шаардык мэрия базарды жабуу чечимин чыгарган. Мындан улам соодагерлер бир нече ирет митингге чыгышкан.



1 |