super.kg logo

Ак үйдүн алдында дагы бир митинг: Боинг кырсыгы болгон айылдын тургундары жер маселесин чечүүнү талап кылышууда

 

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Боинг кырсыгы болгон айылдын тургундары нааразычылык акция өткөрүшүүдө. Анда жалпысынан 300гө жакын адам катышып жатат.

Алар колдоруна "Бизди коопсуз жерге көчүргүлө!", "Биздин үнүбүздү ким угат?", "Жаш балдардын келечеги эмне болот?" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Чогулгандар алардын алдына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, 6 парламенттик фракция лидери чыксын деп талап кылышууда.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Турсунбек Султаналиев митингчилерге кайрылып: "Көчүрүш бир күндө чечилчү маселе эмес. Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн районунда жер жок. Башка райондордон карап көрөлү", - деп жооп берди.

Айта кетсек, учурда Ак үйдүн алдында жер астындагы өтмөктөрдө иштеген соодагерлер өтмөктөрдү оңдоого каршы чыгып, митинг өткөрүшүүдө.






Боинг кулаган айылдын тургундарынын митинги (11.04.17)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.04.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тезинен тыйынын берип койушпайбы ушулардын элге кошулбайт булар жоапоровтун минтингинде буларда чыкан экен бир саат олтуруп кетип калышыптыр
11.04.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи акчаңарды бөлдүрүп алгыла. Анан башка талаптар менен чыксаңар болот.
11.04.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир кундо чечилчу маселе эмес экенин го билебиз самолеттун кулаганына канча болду? Ит жеминдей бирткеден акча берип алаксытасынар бергиле да жанагы чогулган акчасын. Контрабанда кылып телефон сатканды билесинер бизнес кылам миллионермин деп мактанганда кыйынсынар.Жардамга келгенде эле ойлонуп калышат булар (
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: