super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматовдун демилгеси менен Кара-Кулжа районунда волейбол боюнча "Достук кубогу" өттү

 
Бактыбек Калмаматов шайлоочулары менен учурашууда
Бактыбек Калмаматов шайлоочулары менен учурашууда
Мелдешке 12 айыл өкмөттөн ондогон тургундар келишти
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев иш-чаранын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү
Иш-чаранын сыйлуу коноктору
Мелдешке көз салган көпчүлүк
"Достук кубогу" концерттик программа менен коштолду
12 айыл өкмөттөн чогулган айыл аксакалдары
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

1-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Урмат Самидиновдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча "Достук кубогу" болуп өттү. Бул спорттук иш-чарага аталган райондун 12 айыл өкмөтүнөн келген волейбол командалары, айыл аксакалдары жана жаштар катышып, концерттик программа менен коштолду. Мелдеш Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов тарабынан уюштурулуп, ага ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташполот Балтабаев, Туратбек Мадылбеков, Жоомарт Сапарбаев, Абдимуктар Маматов, Акуналы Досалиев, Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана башка өкмөт мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешиндеги "ата мекенчи" депутаттар катышты. Кубок үчүн жарыш Карагуз айылындагы Жаңы-Талаа орто мектебинде орун алды. Мелдештин жыйынтыгында айыл өкмөттөр арасында 1-орунду Сай айылы алып, 50 миң сом менен сыйланса, 2-орунду Ылай-Талаа айылы алып 30 миң сом менен сыйланды. 3-орунга Карагуз айылы ээ болуп, 20 миң сом менен, 4-орунга Кашка-Жол айылы татыктуу болуп, 10 миң сом утуп кетти. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар үчүн да оюндар уюштурулду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: