super.kg logo
  Саясат  

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы: “Садыр Жапаров бир жумадан кийин кайрадан №1-тергөө абагына которулат”

 

Бүгүн, 11-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун абалы талкууланып жатат.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров Садыр Жапаров дагы бир жума №47-абакта болуп, андан кийин кайрадан №1-тергөө абагына которуларын билдирди. Анын айтымында, Жапаров азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ошондой эле аны эки күзөтчү карап жатканын кошумчалады.

"Бир бол" фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев "Жапаровдун аялын киргизгенге уруксат бердиби же берилген жокпу" деп суроо узатты.

Таалайбек Жапаровдун айтымында, аялы жолугушуу боюнча расмий түрдө кайрылган эмес. Бул маселени тергөө иштерин жүргүзүп жаткандар чече турганын билдирди.

Эске салсак, УКМК тарабынан кармалып, Бишкектеги №1-тергөө абагына камакка алынган Садыр Жапаров колдору жана моюну кесилип, эсин жоготкон абалда №47-абактын дарылоо бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк анын канга боёлуп "Тез жардамдын" кызматкерлеринин жанында жаткан сүрөтү SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман тарабынан келип түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: