Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министрине өлкөдөгү музейлерди өнүктүрүү боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 7-майда президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Султан Раев президентке министрликтин жакынкы аралыктагы иш-пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкөнүн туристтик багытын өнүктүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымдап, жакында эле Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтүүчү туристтик жарманке ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады. Өз кезегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев министр Султан Раевге Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

