super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: “Жасалма паспорт жасоону токтотуу үчүн 18 автоматташтырылган систем киргизилди”

 

“Жасалма паспорт жасоону токтотуу үчүн 18 автоматташтырылган систем киргизилди”, - деп бүгүн, 11-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан убактылуу бошотулган Тайырбек Сарпашев билдирди.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов: "Кыргыз мамлекетинин паспортун жасоо ушунчалык оңойбу? Коргоо белгилери жокпу? Жасалма паспортту жоюу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?" Ушул өңдүү суроолорун узатты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын милдетин аткаруучу Күмүшбек Шамаканов паспорттун коргоо белгилери бар экенин белгилеп, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.

"Автоматташтырылган системде маалыматтар электрондук форматта толтурулат. Бир-эки айыл өкмөттө интернет жок болуп райондук борборлордо толтуруп жатат. Маалыматтын бардыгы электрондук форматта болсо жасалма паспорт жок болот", - деди ал.

Ошол учурда Тайырбек Сарпашев май айынын башында өлкөдө эң жогорку сапаттагы эл аралык стандартка жооп берген биометрикалык ID карт киргизиле турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: