super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жаштар АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү

 
АКШнын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен “Жөн эле” жаш демилгечилер тобу акция өткөрүүдө
АКШнын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен “Жөн эле” жаш демилгечилер тобу акция өткөрүүдө

Бүгүн, 7-майда Бишкекте "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен “Жөн эле” жаш демилгечилер тобу акция өткөрдү.   “Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз”  деп аталган акциянын уюштуруучулардын бири Атай Бейшенбек уулу буларды айтат: “Биз коомчулуктун көңүлүн “Манас” аэропортундагы америкалыктардын аскердик базасына бурууну каалайбыз. Ал өлкөгө коркунуч жаратууда. Бишкекке учактын кулап түшүүсүн каалабасаңар, анда бизге кошулсун”. Акциянын алкагында катышуучулар шаардагы Улуттук филармониядан тартып Чүй көчөсү аркылуу Абдрахманов көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашты. Алар колдоруна “Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз”, “Бишкекке учак кулап түшүүсүн каалайсыңбы?” деген плакаттарды кармап турушту.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: