super.kg logo

Бишкектеги жер алдындагы өтмөктө соода кылгандар мэр менен жолугушту

 

Бишкек шаарындагы жер алдындагы өтмөктөрдө эмгектенген соодагерлерди мэр Албек Ибраимов кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өтмөктө соода менен алектенген Дастан Мадаипов SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин шаардагы жер алдындагы өтмөктөрдө соода кылгандар Жогорку Кеңештин, мэриянын алдына топтолуп, талаптарын айтышкан. Алар өтмөктөр оңдоодон өткөндөн кийин соода, жумуш орундары кайрадан элге толук берилсин деген талабын билдиришкен.

"Чогулгандардын арасынан 10 киши мэрдин кабыл алуусуна кирди. Биз мэриянын пландарын уктук, алар биздин талапты укту. Жыйынтыгында мүмкүн болушунча иш орундарын көбөйтүү айтылды. Ошондой эле архитекторлорго кандай кылганда соода орундары көп боло тургандыгын карап чыгуу сунушталды. Азырынча маселе толук чечилген жок, 24-апрелде кайрадан чогулуп, көйгөйдү көтөрөбүз", - деди Мадаипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2017. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарында соода кылгыла. Ал жер проход болсун , базар эмес . Соодагерлер да шаардын планын туура түшүнүү менен колдошсо жакшы болот эле. Минтип отурсак өнүгө албайбыз. Эсимде Ош базарынын көчөлөрүн оңдогондо да ушундай митингдер болгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: