Депутаттар Боинг кырсыгы боюнча митингге чыккандардын талабын эскертишти
Бүгүн, 12-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Боинг кырсыгынан жабыркагандарга өкмөттүк эсепке топтолгон акча тууралуу маалымат угууну сунуштады.
"Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары кечээ митингге чыгышты. Биз, депутаттар канча каражат чогулганын гана билебиз. Ошондуктан өкмөттү чакырып маалымат уксак. Депутаттар сунуштарын айтса жакшы болмок. Мындан тышкары ошол айылдын кийинки келечеги кандай боло турганын талкууласак", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков эртеӊ, 13-апрелде парламент жыйынына өкмөт келе турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

