super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман Чүй облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмү таракандарга толуп кеткенин айтууда

 

Чүй облустук бириккен ооруканасынын Балдар бөлүмүнүн санитардык абалы начар. Бул тууралуу окурман бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Ар бир палатада жана жуунуучу бөлмөлөрүндө таракандар көп экен. Түнү менен уктай албай, жарыкты жандырып жаттык. Бул жакка бир айлык балдар да келишет экен. Ал эми таракандар ар кандай ооруларды алып жүрүшөт", - деди окурман.

Мындан сырткары анын айтымында, кызынын бутун таракан чагып алган.

"Бир жума мурун келип жатканбыз. Бутун бир нерсе чагып кетиптир, чиркей го деп көңүл бурган эмесмин. Көрсө, таракан чагыптыр. Дарыгерге айтсам, моюнуна албай жатат. Эми жугуштуу оорулар ооруканасына барабыз", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Чүй облустук бириккен ооруканасындагы таракандар (3)

Чүй облустук бириккен ооруканасындагы таракандар (2)

Чүй облустук бириккен ооруканасындагы таракандар

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.04.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омеей оорукана эмес эле иткана го
12.04.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир эле бул жер эмес. Көп эле ооруканаларда таракан бар. Аны ооруулуулар өздөрү көбөйтүшөт. Ким көргөнү келип, эмне алып келсе баарын тумбочкага тыга берет. Палатадан чыкпай тамактанат, күкүмү жерге түшөт. Анан таракан эмес башка нерселер деле көбөйөт да...
12.04.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Supsuluu,1. Тамак алып келсе анан каяка кою керек?! 2. Озунчо тамактануучу болмосу барбы больницаларда?! Общий палаталар учун жок! Палаталарды жууп тазалаган санитаркабы кимиси болсо да ошол кукумдорду кунуно 2 жолу жууп тазалоо кк!!! VIP жана Люкс палаталары таза болгондуктан кобунчосун ушундай палаталарын колдонобуз. Бирок больница болгон сон бардык палаталар таза болуусу керек!!!
12.04.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tarakanby oitobo
12.04.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чуйдо ушул болсо башкасын жон эле койолу..больницанын полу кантет тазалык жок экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: