super.kg logo

Президенттин кызы уулун эмизип жаткан сүрөтү боюнча кеңеш бергендердин катасы тууралуу оюн жазды

 

Кечээ, 11-апрелде Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулун эмизип жаткан сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Көп өтпөй анын сүрөтүнө ар кандай билдирүүлөр калтырылган. Бүгүн, 12-апрелде Алия Шагиева уулун ич кийимчен эмизип жаткан сүрөтүн жүктөп, коомчулук берген кеңештерге жооп берген.

"Сиз кантсе да президенттин кызысыз, анчалык көкүрөктү ачуунун кереги жок!" - менин бала эмизип жаткан сүрөтүмө көпчүлүктүн пикири.

Бул билдирүүмдө онлайн түрдө бекер кеңеш берген адамдардын эки катасынын бири тууралуу ойлорум менен бөлүшкүм келет. Биринчи ката: аялдын көкүрөгүн сексуалдаштыруу. Экинчи ката: ата-энеси жогорку кызматты ээлеген балдарды басмырлоо", - деп, ал айткан биринчи ката тууралуу оюн жазган.

"Анда эмесе, "уяттуу" жөнүндө. Аялдын көкүрөгү - бул дене мүчө, ал өзгөчө функцияны аркалайт (бала эмизүү) жана эч кандай сексуалдуу объект эмес. Аялдын көкүрөгү - көпчүлүк ойлогондой уяттуу зат эмес. Адамдар анын чыныгы максатын эбак унутуп, эркектердин көңүлүн бурдуруучу затка айлантышкан. Анын уяттуу экенин жана секс менен байланыштуу экенин бизге ишендирип келишет, бул идея кинематографияда, адабиятта колдонулуп, жарнама индустриясы, ММКлар да бул идеяга толгон. Коомчулук көкүрөктү сексуалдык затка айландырат да, көкүрөгү кичинекей, формасы "андай эмес" аялдар пластикалык хирургияны колдонгондорун сындайт. Коомчулук аялдын көкүрөгүн сексуалдуу жана сыймыктанчу затка айлантат да, көкүрөгү баланы эмизүүгө жараса да, анын айынан өзүн кемсинткендерди акылсыз тоок деп аташат. Коомчулук энеликти сонун дегени менен, бала эмизип жаткан энени көрүп "фу, кантип уялбайт?" дешет. Кызык, туурабы?

Бул жакта күнөөлүү жок экенин түшүнүү маанилүү. Бул жабык айлана, чечим өзүңдөн баштаганда жатат. Өзүңдүн ой-жүгүртүүңдө. Мен ушундай эле кылам. Мен балам ачка болгон жерден жайбаракат аны эмизем, мейли соода борбору болсун, унаа же сейил бактагы отургуч болсун. Мен патриархалдык коомчулук ыңгайсыз чекке киргизген башка эмизип жаткан энелер үчүн үлгү болом.

Эгер силер муну уяттуу көрүнүш десеңер, менде жаңылык бар: силердин уялууңар жана адепсиз ойлоруңар - өзүңөрдүн көйгөйүңөр, а биз жөн гана табият буйругун аткарып жатабыз", - деген Алия Шагиева.

Бул билдирүүсүнө анын пикирин колдогондор да, ага каршы да ойлор жазылып жатат. Ал эми кеңеш бергендердин экинчи катасы тууралуу кийинки билдирүүсүнө жазарын кошумчалаган Алия Шагиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(135)
12.04.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
бетимин беш териси))
12.04.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Уялбагандан өзүң уял!, оозу кыйшак болсо да хандын кызы сүйлосүн! адам ыйманы менен адам, акыретте кылган ишибизге жооп беребиз!
mr.cana түзөттү 2017-04-12 11:27:05
12.04.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ото эле аша чаап кетиптир. Оз комментарийин бергени жакшы, бирок мен бул кыздын пикирине караманча каршымын. Коомдун пикирин да эске ала журуу кк. Бизде кыргыздарда да, мусулманчылыкта да аял кишинин мындай корунушу акылга сыйбаган жат корунуш
nargiz-sa түзөттү 2017-04-12 11:34:41
12.04.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
карап турсан акылы тайкыбы дейсин
12.04.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
emiziw u4un wymyn da 4e4iw kerekpi
12.04.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Seryi-Kardinal,ой боорум ха ха ха
12.04.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дуйно жузу боюнча атасы менен кызыдан откон акылдуулар жоктой чектен чыгып баратат го булар!!!! ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-12 12:21:22
12.04.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
kg.nurik,порталдын эрежелерин сактаңыз!
12.04.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Тошун ачып эмизе берсин трусысын коргозбой эле койсо болмок
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: