Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинде тоо теги урап, бир адамды басып калды
Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинде бир адам каза болду. Маалыматка караганда окуя 9-апрель күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда тазалоочу бөлүктө тоо теги урап, 40 жаштагы жумушчуну басып калган. Учурда ал жакка Талас облусу менен гана баруу мүмкүн болгондуктан ишти Кара-Буура районунун милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, кырсык боюнча толук маалымат беришкен жок.
Айта кетсек, алтын кен Жалал-Абад облусу менен Талас облусу чектешкен аймакта жайгашкан. Ал жакта кен казуу иштерин Vertex Gold ишканасы жүргүзүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Экен
Кытайлар келет дайым ичип жутуп.
Тыйын берип терип кетти алтындарды,
Кулмунсуроп козубузго карап туруп.