super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: 3 жыл мурун Чилиде ири өрт чыгып, 16 киши көз жумган

 

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 12-апрелде Чилинин Вальпараисо шаарында катталган өрттөн 16 киши каза таап, 500дөй турак жай толугу менен күйүп кеткен. Өрт шаардын четиндеги токойдо башталып, шамалдын катуу ылдамдыгынан улам тез эле кварталдарга тарап кеткен. 10 миңдей тургун башка жерлерге көчүрүлгөн. Каза тапкандардын көпчүлүгү тез арада өз үйүн таштап чыгып кете албаган кары-картаңдар болгон. Дарыгерлерге 500дөн ашык адам ар кандай жаракаттар менен кайрылган.

Өрттү өчүрүүгө 20 учак, тик учак, 3500 полиция, аскер, өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган. Маалыматтарга караганда бул өрт кырсыгы жогорку чыңалуудагы электр линиясынын тийишүүсүнөн келип чыккан.

12-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: