Кыргыз боксчулары эл аралык мелдеште 4 медаль утушту
Казакстандын Шымкент шаарында кечээ, 6-майда бокстун бир нече жолку чемпиону Фарух Шаназаровду эскерүү урматына 8-эл аралык мелдеш өттү. Анда 1997-1998-жылы төрөлгөн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен Орусиянын 130дан ашуун мушкерлери күч сынашты. Ал эми Кыргызстандын атынан 9 боксчу катышып, 54 килограмм салмактагылар арасынан Бекжан Иличбек уулу 2-орунду ээледи. Ал эми коло медалга Абдрахман Абдурахманов (46 килограмм) жана Бекбосун Токтосун уулу (66 килограмм) менен Заман Кадиев (80 килограмм) 3- орунга татыктуу болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.