КҮНСЕРЕП: Эт, сүт, чучуктан мурун Кыргызга билимдүү мал доктур керек
Бүгүн, 12-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
“Дыйкандарга 7 пайыздык насыя берилет”. Өткөн шайлоолордо айтылган мындай убада дале көпчүлүктүн эсинде. “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары демилгелеп чыгып, Жогорку Кеӊеш “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам кабыл алды. Мыйзамда дыйкандарга 7 пайыздык насыя берүү жагы каралууда.
Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов 7 пайыздык насыялар берилчү болсо, жалпы берилчү насыялардын суммасы 2,6 миллиард сомго чейин азаярын айтты. Айрым депутаттар долбоорго каршы чыгышты. Алар дыйкандар 9-10 пайыздык насыя ала албай жатышканын айтышып, “элге 7 пайыздан насыя берүү демилгеси элди алдоо” дешти. Адатта өкмөт каршы чыккан демилге парламенттен колдоо табышы кыйын. Бирок 7 пайыздык насыя боюнча мыйзамдын долбоору Жогорку Кеӊеш тарабынан көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынды. Мыйзамга президент кол коёбу же артка кайтарабы убакыт көрсөтөт. Жакында президенттик шайлоо. Буга чейин 7 пайыздык насыя убадасына элдин ичи жылыбай келгени ырас. Пайызы төмөн насыяны тааныш-билиши же колунда акчасы барлар гана алат деген сындар айтылып келе жаткан. Дагы бир мүмкүнчүлүк жаралды, дыйкандар күткөн арзан насыялар шыр берилип баштаса күзүндө өтүүчү жарыш алдында Өмүрбек Бабановго жакшы упай таап бермекчи...
Жогорку Кеӊеш “ветеринария тармагын өнүктүрөт” деп дагы бир мыйзам кабыл алды. Документтин маӊызы – жеке ветеринарларга убактылуу мамлекеттик укуктарды берүү, алардын ишин уюштуруу, жоопкерчилигин күчөтүү. Жеке адистерге бекитилген участоктордо ветеринардык көзөмөлдүк кылуу, эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү өӊдүү укуктар келишимдик негизде берилгени жатат. Ошондой эле мал илдетине каршы сырттан ташылган дарыларды Ветеринардык палата тарабынан каттоо жагы да каралууда.
“Медицина адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт” деп айтылат. Бүгүнкү күндө малдан адамга жуккан оорунун түрү көп экенин адистер тастыкташат, андыктан эт-сүттүн коопсуздугу башкы маселе. Убагында “тармакты оӊдойбуз” деген жалындуу чакырыктар, сунуштар өкмөт менен парламент трибунасынан көп эле айтылды, бирок абалдын жакшы жагына кескин өзгөргөнү байкалбайт. Кадр жетишпестиги, маянанын аздыгы, дары-дармек жаатындагы коррупция өӊдүү эски көйгөйлөр бүгүн деле актуалдуу бойдон. 2012-жылы Жогорку Кеӊеш тармакка кадр тартууга жол ачат деп “Эмгек сиӊирген ветеринар врач” наамын түзүү боюнча мыйзам кабыл алып, бирок президенттен колдоо тапкан эмес. “Бюджетте акча жок” деп өкмөт каршы чыккан. Депутаттар тарабынан ветеринар адистеринин маянасын 15 миӊ сомго көтөрүү, ушул адистикти тандаган абитуриенттерге ЖОЖдон артыкчылык берүү сунуштары да айтылып, эмдигиче ишке аша элек. Парламентте айтылган маалыматтарга таянсак, өлкөдөгү ЖОЖдор жылына 100дөй гана мал дарыгерин даярдоодо. Суроо-талап күчтүүлүгүнө карабай, булардын көбү адистиги боюнча ишке орношпойт. Себеп: айлыктын аздыгы. Мыйзам тармакка жаӊылык киргизе алабы же кагаз жүзүндө калган мыйзамдардын катарын толуктайбы, бат эле билинет. Айрым депутаттар мыйзамдагы өзгөртүүлөр коррупцияга жаӊы эшик ачышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Эпизоотикалык абал Жогорку Кеӊештин позициясына, мыйзамдын туура же туура эместигин карап отурбайт. Соӊку жылдары тыйыла түшкөн шарп илдети кайра жайылып, элдин айласын кетирип турган учур. Мындай абал “170 миллион кардары бар ЕАЭБдин рыногуна эт-сүт экспорттойбуз” деген Кыргыз Республикасы үчүн жагымсыз көрүнүш. Казакстан ушундай жагдайларды бетке кармап 2 жылдан бери чек арасынан Ветеринардык көзөмөлүн албай жатат...
2016-жылы өлкөдө балдарга зордук көрсөткөн 1000 кишиге кылмыш иши ачылган. Маалыматты зомбулукка кабылган жарандардын көйгөйү талкууланган тегерек столдо Балдарды коргоо уюмдары ассоциациясынын юристи Мирлан Медетов айтты. Жабыркаган балдардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 100 кишиге азайган.
Бул расмий сандар гана, запкы тарткан балдар иш жүзүндө мындан эселеп көп болушу мүмкүн. Кылмыш ишинин ачылышы – жазанын башталышы гана. Козголгон иш аягына жетпей жарым жолдон кыскарып, күнөөлүү адам укук коргоо же сот органдарына пара сунуштоо, жабырлануучу тарапты коркутуп-үркүтүү жолу менен жазадан кутулуп кеткен учурлар бар экени айтылып эле жүрөт. Жакында эки баласын тарттырып жибергенин айтып Бегимай Казакова аттуу айым президентке кайрылды. Жабырлануучу мурдагы күйөөсү “алименттен баш тартсаӊ гана кыздарды кайтарып берем. Сотуӊду, прокуроруӊду сатып алам” деп жатканын айтат. Мындай окуяларды четтен саноого мүмкүн. Эксперттер аялдардын зомбулукка кабылышынын негизги себеби билимсиздик жана эрте турмушка чыгуу экенин белгилешет. Никеси расмий катталбаган жубайлар ажырашканда аял көбүрөөк жабыр тартып жатканы мисал кылынды. Дал ушул жагдайдын алдын алуу үчүн депутат Аида Салянованын демилгеси менен мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, баш кошкон жуптар сөзсүз расмий нике каттоосуна турууга милдеттүү. Мыйзамдын кабыл алынганына көп боло элек, жыйынтык кийинки жылдардын статистикасынан көрүнүшү мүмкүн. Эгерде коррупция аралашпаса...
кошулду

