super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин атынан президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине 9-Май - Жеңиш күнүнө карата куттуктоо келди. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоону кабыл алыңыз. Биздин элдерибиз биримдикте улутчулдукка каршы согушуп, эркиндикти жана көз карандысыздыкты, келечек муундардын тынчтыкта жашоо укугун коргоп калган. Биз аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигине терең таазим кылабыз. 1945-жылдын майындагы Жеңиштин, жалпы тарыхыбыздын каарман барактарынын жаркын элестери Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө мындан ары дагы бекем негиз болоруна ишенем. Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан  куттуктоолорумду айтып, узак өмүр, чың ден соолук  жана бакубаттык каалап коюуңузду өтүнөм”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: