super.kg logo

Улуттук китепканада "Орусия космосу" көргөзмөсү ачылып, "Космос үчүн күрөш" тасмасы көрсөтүлдү

 
Рахатбек Таалайбек уулу
Семён Поляков

Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага келгендердин саны демейдегиден бир топко көп болду. Студенттер, окуучулар, шаар тургундары, Орусиянын өлкөдөгү элчилигинин өкүлдөрү, маданият жана илимий кызматкерлер "Орусия космосу" көргөзмөсүнө келишти.

Көргөзмөнү Кыргыз мамлекетинин калкынын ассамблеясы, "Гармония" орус маданий борбору жана улуттук китепкана уюштурган. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө арналып өткөрүлүүдө. Көргөзмөгө келгендер ракеталардын макеттерин, космонавттардын сүрөттөрүн, космонавтика жана авиация жөнүндөгү китептерди, плакаттарды көрүп маалымат алышты. Ошондой эле конокторго "Космос үчүн күрөш" аттуу тасма көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө келген Рахатбек Таалайбек уулу авиациялык окуу жайдын студенти.

"Мен кичинекей кезимде Юрий Гагарин жөнүндө окуп, учкуч болууну абдан самачумун. Ошондуктан бул окуу жайды тандап алдым. Космонавтика, авиация жаатын тандоо үчүн акыл менен күч, эрдик, чечкиндүүлүк айкалышы керек. Ошондой эле ден соолуктун чыңдыгы башкы мааниге ээ", - дейт Рахатбек Таалайбек уулу.

Ал эми көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Семён Поляков космонавт, учкуч болуу бир кезде абдан сыймыктуу кесип болгонун белгилеп, космонавттардын жаңы мууну өлкөдө дээрлик жок экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: