"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чүй облустук бириккен ооруканасын таракандардан тазалоо иштери 17-23-апрелдерде жүргүзүлөт

Бүгүн, 12-апрелде окурман SUPER.KG порталына Чүй облустук бириккен ооруканасынын Балдар бөлүмү таракандарга толуп кеткенин кабарлаган.
Оорукананын башчысы Болот Болотбеков бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
"Ооруканада таракандарды жана канталаларды жок кылуу чаралар акыркы жолу былтыр 21-сентябрда өткөрүлгөн. Кезектеги тазалоо иштери 17-23-апрель күндөрүнө белгиленди. Мындан сырткары курт-кумурскаларга каршы "карандаштарды" колдонуп келебиз. Бул бөлүмдө таракандар бейтаптардын жеке буюмдары, тамак-ашы менен келиши мүмкүн. Медициналык кызматкерлер тамак-ашты, буюмдарды алып келүү боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзүп турушат, тилекке каршы, такыр тыюу салуу мүмкүн эмес болууда. Кышкысын курч мүнөздүү респиратордук вирус күч алгандыктан бейтаптар ооруканага толуп, тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбой калган", - дейт Болот Болотбеков.
Ошондой эле ал таракандардын пайда болушун күндүн жылышы менен да байланыштырды.
Чүй облустук бириккен ооруканасындагы таракандар (3)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
nargiz-sa

12.04.2017. 19:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа иий уялбай кайра бнйтаптарды куоолойт го ошол таракандарды такыр болтурбаш кк да инфекция вирустун баарын ошолор таратат да
Kroxa

12.04.2017. 22:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да..бут эле жерде уйдон тамак оокаттары менен келип жатышат баарын больница бербейт,,бул жердин озудук санитариясы жокко эсе полунар акыркы жолу качан сырдалган,,биздин райондун больницасы таптаза киргенде бахила менен киребиз,таракан биякта турсун чымын чиркей учпайт,,урматтуу Болот Болотбекович...
muslima-0788

12.04.2017. 22:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто да Черемушкадагы роддом таракандын үйү болуп калган.бир эле палатада жок дегенде 10 чакты таракан жүрөт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.