super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "КТРКнын байкоочу кеңеши тарыхый миссияны билбейт экен"

 

"КТРКнын байкоочу кеңеши тарыхый миссияны билбейт экен", - деп бүгүн,12-апрелде парламентте эркин депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутат байкоочу кеңештин миссиясы чарбалык иш эмес экенин эскертти.

"Телеканалды накта коомдук канал кылуу максатыңар болуш керек эле. Көзөмөлдү күчөтүү керек болчу. Байкоочу кеңеш, КТРКнын директору Илим Карыпбековдун аткарган иши боюнча отчёт берип жатасыңар. Силер кемчиликти кошо айтышыңар керек да. КТРК коомду алдыга жетелеш керек. Кадрдык дайындоодогу кемчиликтерди чагылдырыш керек. Аталган каналда курч журналистика жок. Мейли президентке тийишпей эле койгула. Жок дегенде өкмөттөгү жасалбай жаткан иштери боюнча иш алып барыш керек", - деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева каналда үй-бүлөлүк программалар жок экенин айтты.

Учурда парламентте 2016-жыл үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши отчёт берип жатат.






Жанар Акаев: "Сын керек, бийликти мактагандар кезекте турушат..."

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: