Топ-Лига-2017: “Алай” Ошто “Дордой” менен тең чыкты

Бүгүн, 12-апрелде футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 2-турдук оюндары Ош шаарында жыйынтыкталды. Анда жергиликтүү “Алай” бишкектик “Дордойду” кабыл алды.
Оюндун 1-таймынын соңунда “Дордойдун” жарым коргоочусу Анатолий Власичев эсепти ачты. Экинчи бөлүктө беттештин башкы калысы Рысбек Шекербеков Ислам Шамшиев (“Дордой”) менен Шухрат Рахмановго (“Алай”) кызыл кагаз көрсөттү. Үй ээси калган мүнөттөрдө чабуулду күчөтүп, жыйынтыгында 80-мүнөттө Одилжон Абдурахманов эсепти теңеди. Оюнда 1:1 эсеби катталды.
Топ-Лиганын 3-турдук оюндары 22-апрелде орун алат. "Абдыш-Ата" командасы 2-турдун жыйынтыгы менен 1-орунга көтөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.