super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу: "Бизге кылмыш иши козголбош керек эле, андан натыйжа чыкпайт"

 

Кечээ, 12-апрель күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыгышты. Канатбек Азиздин айтымында, сурак 4 жарым саатка созулган.

"Башкы прокуратурага кайрылганыбыз боюнча, эч кандай кылмыштын курамы жок. 329-берене "атайылап жалган билдирүү жасоо" менен кылмыш иши козголбош керек эле, андан натыйжа чыкпайт. Конституциялык палатанын чечими боюнча шек саноо, божомол жана оюн айтуу 329-беренеге жатпайт", - дейт Канатбек Азиз.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылып, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берип, кылмыш ишин козгоо керектигин билдиришкен. Бирок Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартып, жактоочулар "жалган билдирүү жасап жатат" деп, тиешелүү материалдарды ИИМге өткөрүп берген. Ал эми ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси "атайылап жалган билдирүү жасоо" менен кылмыш ишин козгогон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: