super.kg logo

Аида Касымалиева парламент жыйындарын телевидение аркылуу түз көрсөтүүдө сапаты начар болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 12-апрелде депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин жыйындарын телеканалда түз алып бергенде сапат начар болуп жатканын айтты.

Эл өкүлү калк үчүн кыргыз парламентинде көтөрүлүп жаткан маселелердин талкуусун түз көрүүнүн мааниси зор экенин белгилеп: "Жакында Кыргызда аналогдук көрсөтүү токтоп, толугу менен санариптик көрсөтүүгө өтөбүз. Кыргыз парламентинин жыйындарынын жүрүшүн түз көрсөтүү сапаты азыртан эле ушунча начарлап жатса, кийин кандай болорун болжош кыйын. Жогорку Кеӊештин төрагасы басма сөз кызматына телекөрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу чараларын көрүү боюнча тапшырма берсе жакшы болор эле. Анткени калкыбыз үчүн анын мааниси чоӊ", - деди.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жооп берди.

"Сапаттын начар болуп жатышы жыйындар залында орнотулган видеокамералардын тартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болууда. Басма сөз кызматы техникалык мүмкүнчүлүккө жараша иш алып барып жатат. Сапаттуу жабдууларды орнотуу боюнча маселе козголуп келген, бирок бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында көйгөй ачык бойдон калган. Бул жылы өлкө боюнча телевидение санарипке өтүшүнөн улам камераларды алмаштыруу маселеси курч болуп жатат. Ансыз Жогорку Кеңештин жыйындарын түз алып берүү мүмкүн болбой калат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
13.04.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боло турган долбоорду ишке ашырыныз. Болбогон нерсеге убакыт коротуп не кыласыз? Элде анда башка койгой толдура. Калкты кантип жакырчылыктан чыгаруу керек? Ошонун жолун карагыла. Алган айлыгынарды актап, адал иштегиле!!!
13.04.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тендер жарыялагыла сапаттуу корсотсо 1-миллион 200-мин сом болобуз деп Болбосо дагы бир нерселерди ойлогула кантип жеп жутсак болот деп ойногула ойун ойной турган ноутбук алып башка эмненге да акылынар жетет эле
13.04.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аида Касымалиева жанагы элден чогулган 100млн сом кайда эмне учун жабыр тарткандарга таркатып бербейт.Азыр эл арасында создор таркалып жатат ошол 100млн сомду атка минерлерибиз алышып оборот этишип жатышат деген создор тарап жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: