Украинадагы өрттүн кесепетинен баасы 1 миллиард долларлык ок-дарылар күйүп кетти

Үстүбүздөгү жылдын 23-март күнү Украинанын Харьков облусундагы Балаклея шаарында ок-дарылар сакталган кампада өрт чыккан. Жогорку Раданын депутаты, парламенттеги улуттук коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинин төрагасы Сергей Пашинскийдин айтымында, өрттүн кесепетинен баасы 1 миллиард долларлык ок-дарылар күйүп кеткен.
Айрым маалыматтарга караганда кампаларда болжол менен138 миң тонна ок-дары сакталып турган. Алар менен Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл козголоңчуларга каршы согушуп жаткан өкмөттүк күчтөр камсыздалып келген. Кырсык болгон Балаклея шаарындагы база өкмөттүк аскерлер менен жикчилдер согушуп жаткан тилкеден 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кырсык боюнча "бүлүндүрүү" жана "шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Кыргызстанда жаа да жок, элге таш эле жетет, мылтыкчан аскерлерге каршы толкуса эл...
Бизде да былтыры тарых музейинде орт чыкты, эч ким жазаланбады, ал жерде ортко шылтап эмнелерди уурдап кетишкени уурулар менен Аллага гана айкын...