super.kg logo

Учкун-2 конушунун тургундары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү менен жолугушту

 

Учкун-2 конушунун тургундары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү менен жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган конуштун тургуну Кызылгүл Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болду.

"Бүгүн саат 10:00дө жолугушуу белгиленген. Бирок өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Бактыбек Кудайбергенов 2 жарым саат кечигип келди. Анда прокуратура тарабынан камакка алынган жер тилкелери жана свет, суу, жол маселелери айтылды. Кудайбергенов жогоруда айтылгандарды чечип берүүнү убадалап, прокурорго, район жана айыл башчыларына тапшырма берди", - дейт айыл тургуну.

Айта кетсек, Учкун-2 конушу "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдун четинде жайгашкан. Ал жакта жалпы 698 жер тилкеси бар. Алардын 567си 2001-жылы эле элге берилген. Ошолордун 30дан ашыгына үйлөр тургузулуп, элдер жашап жатышат. Бирок ушул убакка чейин свет, суу жол маселелери чечилген эмес. Мындан 2 жыл мурун Сокулук райондук прокуратурасы "мыйзамсыз берилген" деген негизде 72 жер тилкесин камакка алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: