super.kg logo

Японияда 2 даана манго 3 миӊ 700 долларга сатылды

 

Японияда 2 манго жемиши аукциондо рекорддук суммага - 3 миӊ 700 долларга (253 миӊ сомдой) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 13-апрелде жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда аукцион аталган өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Миядзаки шаарында болуп өткөн. Уникалдуу жергиликтүү сорттогу жемиш ачык кызыл түстө болуп, курамында шекер көп, тагыраагы, 15 пайыздан ашык болгон. Ал эми салмагы 350 граммдан ашат.

1 килограммга жакын 2 даана жемишти Фукуока шаарындагы дүкөндөрдүн биринин кожоюну сатып алган. Ал соода жайын жарнамалоо үчүн сатылып алынган жемиштерди витринага коёрун билдирген.

Белгилей кетсек, Японияда 2016-жылдын алгачкы түшүмү болгон юбари сортундагы эки даана коон Хоккайдо аралындагы аукциондо 3 миллион иенага (27 200 доллар) рекорддук суммага сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.04.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ бизде Кыргызстанда машина номерлерин миллионго сатып алышат, машинасы жакшы журсун дешип.
13.04.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой кудайым ай 253мин сом)) бирок чын эле даамду болот. Мен сарысын жедим эле бул кызылы турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: