super.kg logo
  Саясат  

Депутат Анвар Артыков 2010-жылдагы мародёрлукту иликтеген комиссиянын ишине тоскоолдуктар болгонун айтты

 

Бүгүн, 13-апрелде КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков 2010-жылы болгон мародёрлукту иликтеген комиссиянын ишине тоскоолдуктар болгонун айтты.

"4 ай мурун убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир топ тоскоолдуктар болду. Мародёрчулук боюнча Ички иштер министрлигинен 3 айга чейин материалдарга мүмкүндүк ала алган жокпуз. Башкы прокуратурадан дагы тоскоолдуктар болду", - деди ал.

Учурда Анвар Артыков комиссиянын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатат.

2016-жылы 20-октябрда Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы", “Кыргыз көмүр” ишканасы жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин териштирүү боюнча комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: