super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова Анвар Артыковдон 2010-жылдагы мародёрчулукту иликтеген комиссиянын отчётун ким жазып бергенин сурады

 

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыковдон 2010-жылдагы мародёрчулукту иликтеген комиссиянын маалым катын ким жазып бергенин сурады. "Өзүңүз жаздыңызбы? Конституция деле президенттик аппараттан жазылып келген. Бул дагы башка органдан жазылдыбы деп сурап жатам", - деди ал.

Ошол учурда Анвар Артыков отчётту комиссия даярдаганын айтты. "Аида Жеңишбековна, сиз башка бирөөлөргө жаздырып көнүп калсаңыз керек. Комиссиянын мүчөлөрү отурушат. Сиз оюңузга келгенин айта берсеңиз туура боло береби? Сиз каалаганды калп деп айткандай кимсиз? Ушул күнгө чейин баа берип келгенсиз, болду жетет", - деди Анвар Артыков.

Аида Салянова: "Биринчиден, мен сизге суроо берип жатам. Тийишпей сүйлөңүз", - деди ал.

Бүгүн Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы", “Кыргыз көмүр” ишканасы жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин текшерүү боюнча депутаттык комиссия жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: