super.kg logo
  Саясат  

Аида айымыбызды "сасык" дедиртпей Анваржон аканин оозун жапчу эркек депутат калган жок

 

Бүгүн, 13-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова менен КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков кайым айтышып, аягы "бул аялдын оозун жаппайсыңбы?!" - деп спикерге Артыковдун кыйкыруусу менен жыйынтыкталды.

Аида Салянова: "Ата Мекен" партиясына тиешеси бар 3-4 органда иштеп жаткандар Бакиевдин мүлкүн алууга көмөк көрсөткөн деп жазып жатат. Мен эки эле суроо бердим. Кайсы даректеги кайсы мүлк? Ал мүлк кимге катталып калыптыр? Анвар Артыкович суроомо жооп бере алган жок. Башка эле сөзгө өтүп кетти. Мен ошол сөздөрдү калп дедим. Анткени жазганын далилдеп берген жок. Менин деңгээлиме жетүү үчүн мендей болуп алгыла деп жатат. Кудайым сактасын сиздей адам болгондон", - деди.

Белгилүү болгондой, Аида Салянова буга чейин Юстиция министри жана Башкы прокурор болгон адам. Анын суроолоруна жооп берүү Анвар Артыковго оңой болгон жок. Трибунада туруп туталанып, эң жакшы коргонуу - чабуул жасоо ыкмасына салып: "Аял киши болбосо башка нерсени айтат элем. Чыныбай Акунович, оозун жаппайсызбы! Каалаганча иштедиң, каалаганча жедиң, дагы эмне керек сага?!" - деп кыйкырып кирди. Аны менен эле токтолуп калбай, "оозунан чыккан сөз жыттанып жатат", - деген комментарийлерге чейин жетти.

Жогорку Кеңештин төрагасы аларды сабырдуулукка чакырымыш болуп тим болду. Зал толо эркектердин арасынан Анвар Артыковду айымга кыйкырба деп "оозун жаап", тартипке чакырып коё турган кыргыздын жигити табылбады.


кошулду





Салянова менен Артыков парламентте кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -17 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: