Боинг кырсыгы: МААКтын акыркы отчёту июлда жарыяланышы күтүлүүдө
Бишкектин четиндеги Боинг кырсыгын иликтеп жаткан Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МААК) акыркы отчёту 2017-жылдын июнь-июль айларында жарыяланышы күтүлүүдө. Июлда иликтөөгө деп каралган мөөнөт аяктайт. Маалыматты 13-апрелде Транспорт жана жол министрлиги билдирди.
Бирок иликтөө узарып кетиши да мүмкүн. Иштин көлөмү көп болсо, иликтөө жыйынтыгы кечигиши күтүлөт.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.
Мамлекеттер аралык комитет март айында иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда учактын капитаны учуп-конуу тилкеси менен байланыш жоктугун айтып, учакты экинчи айлампага кетирүүгө буйрук бергени айтылат. Учакты экинчи айлампага жөнөтүү боюнча тийиштүү кнопка басылып, бирок 3,5 секунддан кийин аба кемеси кырсыкка учураган. Бул учурда учактын ылдамдыгы саатына 305 чакырымды түзгөн деп маалымдалган эле.









1 |